Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Аба ырайы: жаан жаап, күн күркүрөйт


29-31-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

28-31-июль күндөрү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Аба ырайы:

30-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28,

Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28 жылуу болот,

Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 24…29,

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30 ысыйт,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 18…23,

Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24 жылуу болот.

30-июлда Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 16…18°, күндүз 25…27° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG