Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Баткендеги Зардалы айылына каттам токтоду


28-июлда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, айылды аалам менен байланыштырып турган үч негизги көпүрөнү суу жууп кетти.

“Көпүрөлөрдүн жараксыз абалга келишинен улам айыл менен байланыш такыр токтоду” деп билдирди Кара-Бак айыл аймагынан башчысы Сүйүн Убаев.

"Абал туралуу тийиштүү кызматтарга маалымат жеткирилди, көпүрөлөрдү тез арада калыбына келтирүүгө жергиликтүүлөрдүн чамасы жетпейт" дейт айыл аймак башчысы.

Зардалы айылында учурда бир миңге жакын киши бар. Айылда жол, байланыш , электр энергиясы жоктугунан улам кышында 30дай түтүн кыштап калат. (JsA)

XS
SM
MD
LG