Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:27

Балыкчы-Корумду жолунун жээги калыбына келтирилет


Сентябрь айында өтүүчү Көчмөндөр оюнуна чейин жаңы курулуп жаткан Балыкчы-Корумду жолу толук аяктап, жол жээктери калыбына келтирилет. Бул тууралуу 29-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн жыйында өкмөттүн облустагы өкүлү Аскат Акибаев билдирди. Анын айтуусунда күзүндө өтүүчү Көчмөндөр оюнуна кырктан ашуун өлкөдөн оюнчулар келет.

Өкмөт өкүлү президент Алмазбек Атамбаев жолдун курулушу менен таанышуу учурунда жол жээктеринин абалына көңүл бурууну талап кылган. 20-августка чейин Балыкчы-Корумду жолунун жээктери тазаланып, акталып, калыбына келтирилет деп маалымдайт аймактагы өкмөт өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы.

Балыкчы-Корумду жолунун жалпы узундугу 104 чакырымга созулат. Өкмөттүн маалыматы боюнча, долбоорду толук аяктоо үчүн 2,6 миллиард сом сарпталат. (AsM/ZKo)

XS
SM
MD
LG