Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Прокурор Курманалиевдин абалы оор


Реанимацияда күткөн Курманалиевдин жакындары
Реанимацияда күткөн Курманалиевдин жакындары

Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун жетекчи орун басары Бакытбек Исаковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, прокурордун абалы баштапкы мезгилине салыштырмалуу жакшы, бирок туруктуу оор бойдон кала берүүдө:

- Прокуратура кызматкери Эркинбек Курманалиевдин абалы бизге келип түшкөн учуруна караганда бир топ турукташып калды. Кечээ операция жасалган, учурда реанимация бөлүмүндө жатат. Керектүү жардамдар толук көлөмдө көрсөтүлүүдө.

Кечээ Орто-Сай айылында автоунаадагы жарылуудан прокурор Эркин Курманалиевдин колу билегинен үзүлүп кеткен. Ошондой эле бир көзү катуу жабыркап, көзүнө жана колуна операция жасалган.

Жарылууга байланыштуу милиция кылмыш ишин козгогон. Учурда жарылуунун себептери аныкталып жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG