Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:59

Боомдо таш кулап, бир киши мүрт кетти


30-июль күнү саат 03:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 142-143-чакырымында таш кулап, "Хонда Степ" үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнө түшкөн.

Натыйжада унаадагы бир жүргүнчү каза болуп, айдоочусу жаракат алган. Аларды жанында бараткан машинелер жакынкы медициналык тейлөө кызматына жеткиришкен. Жалпысы автоунаада 11 адам бараткан.

Таш кулаган жерге Кемин райондук №32 жол тейлөө ишканасынан техникалар тартылып, жолго түшкөн таштар толук тазаланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG