Буга байланыштуу апта аягында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Кыргызгидромет: Тарых жана өнүгүү жолдору” деген аталыштагы семинар өткөрдү. Ага Кыргызстандагы тиешелүү адистерден тышкары, ПРООНдон, Казакстан, Тажикстан, Швейцария, Германия жана башка өлкөлөрдөн өкүлдөр катышты.
Аягында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов тармакка сиңирген эмгектери үчүн бир топ кызматкерлерди сыйлады.
“Кыргызгидромет” ишканасында 77 гидропост бар. Алардын ичинен 48 түйүн оперативдүү түрдө аба ырайынын өзгөрүүсү тууралуу шашылыш эскертүүлөрдү күн сайын жиберип турат. Калгандары байкоо жүргүзүү режиминде иштейт жана ай сайын маалыматтарды берет. Ошондой эле 24 метеорологиялык станция иштейт.
Дүйнөлүк банктын жардамы менен ишкана “Гис-Метео” системасына байланган. Бул метеорологиянын реалдуу режимде иш алып баруусуна чоң шарт түзөт.(ZKo)