30-июлда Соң-Көлдүн жээгинде Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленди. Мааракеге премьер министр Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрөгасы Чыныбай Турсунбеков, өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов катышты.
Президент Алмазбек Атамбаев Тайлак баатырдын 220 жылдыгы байланыштуу кайрылуусунда аны чыныгы баатыр атка татыктуу адам болгон деп белгилеген.
"Тайлак Баатырдын кошууну Теңир-Тоого бастырып кирген Кокон аскерлерин кууп чыккан. Тилекке каршы, Тайлак Баатыр чыккынчылыктын айынан мерт болуп, Теңир-Тоонун азыркы Ак-Талаа, Тогуз-Торо аймактары Кокон хандыгына каратылган.
Жоокер замандагы бир кокту-колоттун же бир уруунун таламын талашкан баатырлардан айырмаланып, Тайлак Баатыр бүтүндөй кыргыз журтунун тышкы чегин жоодон коргогон. Андан тышкары көп сандаган урууларды бириктирген. Тайлак Баатырдын мисалында тарыхый-көркөм фильм тартылат, көркөм-даректүү китептер жазылат деп бекем ишенем. Чынында элеТайлак атабыз жалпы кыргыз элинин Баатыр уулу деген атка татыктуу.
Тайлак Баатырдын өмүрү - Мекендин бир карыш жери үчүн кан-жанын аябай күрөшүүнүн, улуттук намыстын үлгүсү", деп айтылат президенттин кайрылуусунда.
Биздин тарых
Тайлак - көчмөн элдин чыныгы баатыры
![Бул иш чара тарых жана маданият жылына катара өткөрүлгөн мааракелердин бири.](https://gdb.rferl.org/84261a6b-01c3-4cfd-97ec-d438bb8ceef7_w1024_q10_s.jpg)
1
Бул иш чара тарых жана маданият жылына катара өткөрүлгөн мааракелердин бири.
![Президент Алмазбек Атамбаев Тайлак баатырдын 220 жылдыгы байланыштуу кайрылуусунда аны чыныгы баатыр атка татыктуу адам болгон деп белгилеген.](https://gdb.rferl.org/d0b58b9f-76a3-4162-8fa7-c213823a0a45_w1024_q10_s.jpg)
2
Президент Алмазбек Атамбаев Тайлак баатырдын 220 жылдыгы байланыштуу кайрылуусунда аны чыныгы баатыр атка татыктуу адам болгон деп белгилеген.
![Майрамдык иш чарада Тайлак баатырдын эрдиги чагылдырылган сахналаштырылган оюн коюлду.](https://gdb.rferl.org/b6d2840b-bd36-4cf5-ae86-0b0848f15555_w1024_q10_s.jpg)
3
Майрамдык иш чарада Тайлак баатырдын эрдиги чагылдырылган сахналаштырылган оюн коюлду.
![](https://gdb.rferl.org/657b52a2-e705-4ff3-8b77-ce39ba66aef7_w1024_q10_s.jpg)
4
![Андан соң спорттун күрөш, эр эңиш, ат чабыш түрлөрү боюнча мелдештер болду. ](https://gdb.rferl.org/58b864e4-3c9b-40d8-8061-0c435dd7cbc3_w1024_q10_s.jpg)
5
Андан соң спорттун күрөш, эр эңиш, ат чабыш түрлөрү боюнча мелдештер болду.
![](https://gdb.rferl.org/1af28b34-c77c-4ea2-a0eb-c277ed8619f1_w1024_q10_s.jpg)
6
![](https://gdb.rferl.org/e73ff598-8bef-45e5-b30a-a98b1d6ffa43_w1024_q10_s.jpg)
7
![Тайлак Рыскул уулу болжол менен 1796-жылы азыркы Ак-Талаа районунун аймагында туулган. Ал он тогузунчу кылымдын биринчи жарымынан тарта кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөш жүргүзгөн. Ал 1838-жылы Кокон хандыгынын тыңчысы тарабынан ууландырылып өлтүрүлгөн.](https://gdb.rferl.org/427e8c51-5ab4-408f-9254-66170ff5bc86_w1024_q10_s.jpg)
8
Тайлак Рыскул уулу болжол менен 1796-жылы азыркы Ак-Талаа районунун аймагында туулган. Ал он тогузунчу кылымдын биринчи жарымынан тарта кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөш жүргүзгөн. Ал 1838-жылы Кокон хандыгынын тыңчысы тарабынан ууландырылып өлтүрүлгөн.
![](https://gdb.rferl.org/9b512319-d659-4aaf-bf3d-044c8c0d7c12_w1024_q10_s.jpg)
9
![](https://gdb.rferl.org/e7ef3494-a5e9-464f-b74c-5e21d2776076_w1024_q10_s.jpg)
10
![](https://gdb.rferl.org/bd149adc-92bb-474a-aa64-2a5be807ee52_w1024_q10_s.jpg)
11
![](https://gdb.rferl.org/01cea5cd-7905-426d-9718-65e4623f1c00_w1024_q10_s.jpg)
12
![](https://gdb.rferl.org/069e422e-dfe2-4e48-8e91-b8eb641c9199_w1024_q10_s.jpg)
13