Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:09

Атамбаев: Жардыруу уюштуруп шейит болгуча, кыска юбкачан жүргөн жакшы


Жакында Бишкекте кыргыз кыздарынын улуттук кийимчен жана бети-башын жапкан паранжа кийген сүрөттөрү түшүрүлгөн баннер илинген.
Жакында Бишкекте кыргыз кыздарынын улуттук кийимчен жана бети-башын жапкан паранжа кийген сүрөттөрү түшүрүлгөн баннер илинген.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын жарандарына кандай кийинип жүрүүнү эч ким таңуулабашы керектигин билдирип, динге такап терроризмге түрткөндүн ордуна аялдардын кыска юбкада жүргөнү жакшы экенин белгиледи. Бул тууралуу бүгүн ал Ысык-Көлдөгү “Рух-Ордо” комплексинде уюштурулган маалымат жыйынында билдирди. Совет доорунда аялдар кыска кийимчен эле жүрүшкөнүн кошумчалаган мамлекет башчы ким кааласа, бут кийимди башына кийип алса да болорун, бирок элди экстремизмге үгүттөө – дин эместигин айтты.

Жакында Бишкекте кыргыз кыздарынын улуттук кийимчен жана бети-башын жапкан паранжа кийген сүрөттөрү түшүрүлгөн баннер илинген. Ал “Кайран элим, кайда баратабыз?” деген жазуу менен коштолгон. Атамбаев мындай көрнөктөрдү өлкө боюнча илип чыгууну колдогон. Коомчулукта буга нааразы болгондор чыгып, айрым аймактарда баннерлерди өрттөөгө чейин барышкан.

Өткөн аптада белгисиз кишилер Бишкекте улуттук кийимчен кыздар менен кыска юбкачан кыздардын сүрөттөрү түшүрүлгөн баннерди илишип, “Кайран элим, кайда баратабыз?” деп жазып коюшкан. (SE\AKu)

XS
SM
MD
LG