Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Кыргызстандык окуучулар Ханойдо өткөн олимпиадада коло байге алышты


Кыргызстандык окуучулар Биология боюнча Ветнам борбору Ханой шаарында өткөн эл аралык олимпиадада коло байге алышты. Бул тууралуу “Себат” билим берүү мекемеси кабарлады.

17-24-июль күндөрү өткөн билим таймашка 72 мамлекеттен 288 окуучу келди. Кыргызстандан “Себат” лицейинде окуп жатышкан Эмир Касымалиев, Даян Мелисов, Ислам Бекташев жана Байэл Саадатбек уулу катышты.

Олимпиада соңунда Таластагы “Манас ата - Себат” лицейинин окуучусу Даян Мелисов жана Токмоктогу Жусуп Баласагын атындагы лицейдин окуучусу Ислам Бекташев коло медаль алышты.

Мектеп окуучулары арасындагы эл аралык билогия олимпиадасы 1989-жылдан бери өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG