АКШ президенттигине Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп эгер ал шайланса, Москва аннексиялап алган Крым жарым аралын Орусиянын бөлүгү катары тануу боюнча маселени караштырып көрөрүн айтты.
“Мен бул суроону караштырып көрөм. Силер билесиңерби, менин укканыма караганда Крым эли Орусия менен болгусу келет. Биз бул нерсеге да көңүл бурушубуз зарыл” - деди Трамп 31-июлда ABC телеканалына курган маегинде.
Бул азыркы президент Обаманын саясатына карама-каршы пикир. Вашингтон 2014-жылы Москванын Крымды аннексиялап алышын тааныбастыгын билдирип келет.
Трамп ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин менен буга чейин эч кандай мамилеси болбогонун, аны менен эч качан жолугушпаганынын, атургай телефон аркылуу да сүйлөшпөгөнүн айтты.
Анын сөздөрүн Украина бийлиги кескин сынга алды. Өлкөнүн ички иштер министри Арсен Аваков миллиардер Трамп “Украина үчүн да, АКШ үчүн да абдан коркунучтуу адам” экенин белгиледи.
Мудараак Республикачылар партиясынан талапкер Трамп НАТО боюнча союздаш өлкөлөргө көрсөткөн аскерий чыгымдарды кыскартуу ниетин билдирген эле. Ал эгер президент болуп шайланса альянска мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугун кепилдей албастыгын айткан.