Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Кыргызстанда доллар кайра өсө баштады


Улуттук банктын расмий маалыматына ылайык, бүгүн 1 АКШ доллары сатууда 67 сом 57 тыйын, сатып алууда 67 сом 96 тыйынды түздү. Ал эми жеке акча алмаштыруучу жайларда 68 сомго жетти. Улуттук банктын маалыматына ылайык, өткөн дем алыш күндөрү АКШ валютасы Кыргызстанда 0,58 пайызга кымбаттады.

Жыл башында доллар 77 сомго чыгып, бир канча жолку интервенция менен сомго болгон катышы 66 сомго чейин түшкөн болчу.

Ушул тапта 1 Евро 75 сомдон жогорулап, бир апта мурункуга салыштырмалуу 0,52 пайызга өстү. Ал эми 1 рубль – 1 сом 2 тыйынга барабар болуп, өткөн жумадагы турумунан 0,83 пайызга арзандады. (SE)

XS
SM
MD
LG