Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Кабулда мейманканага кол салган үч экстремист жок кылынды


Ооганстандын коопсуздук күчтөрү.
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Кабулдагы негизинен чет элдиктер токтогон Northgate мейманканасына кол салган үч согушкерди жок кылышты. Бул тууралуу бүгүн шаардын полиция башчысы билдирди. Анын айтымында, операцияда бир полициячы мерт кетип, үчөө жарадар болушту. Мейманкананын кызматкерлери жана коноктору жабыркаган жок.

Дүйшөмбүгө караган түнү Ооганстандын баш калаасында катуу жардыруу болгон. Бомба салынган унаа Баграм авиабазасынан алыс эмес жайгашкан Northgate мейманканасынын жанында жарылган. Андан соң үч куралчан адам мейманканага кирип барышкан. Кийин маалым болгондой алардын бири жанкечти болгон.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Талибан” кыймылы өз мойнуна алды. Өткөн жумада Кабулдагы шиит-хазарлардын нааразылык акциясында уюштурулган теракт 80 адамдын өмүрүн алган. Жарадарлардын саны 230дан ашкан.

XS
SM
MD
LG