Бул тууралуу бүгүн Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
- Коргоо министрлигинен түшкөн маалыматка ылайык, тик учактагы беш адамдын баардыгы мерт кетти. Учкучтар жердеги курмандыктарды болтурбоо максатында тик учакты адамдар жок жакка бурганга аракет кылышкан. Алардын бардыгы баатырларча курман болду,- деди Песков.
Мурдараак Орусиянын коргоо министрлиги Алеппо шаарына гуманитардык жардам жеткирип, Хмеймим авиабазасына кайтып келе жаткан тик учак козголоңчулардын карамагындагы Идлиб провинциясынан атып түшүрүлгөнүн маалымдаган. Ми-8 тик учагында экипаждын үч мүчөсүнөн тышкары эки офицер болгон.
Орусия Сириядагы аба чабуулдарын өткөн жылдын сентябрь айында баштаган.