Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

Өзбекстанда окуучулар пахта теримге чыкпайт дегенге ишенич аз


Пахта талаасы.
Пахта талаасы.

Өзбекстанда активисттер премьер-министр Шавкат Мирзияевдин быйылкы пахта теримге окуучулар тартылбайт деген убадасы ишке ашпайт деген кооптонууларын билдирип жатышат. Буга чейин Мирзияев бул ирет пахта өнөктүгүнө бюджеттик мекемелердин кызматкерлери тартыла турганын айтып, балдар эмгегине тыюу салуу боюнча облус жана район акимдерине катуу тапшырма берген.

Ошондой эле ал пахта теримге катыша турган жамааттардын жана жарандардын тизмесин түзүүнү табыштап, эгер талаадан бир бала көрүп калчу болсо катуу жазаланарын кол алдындагыларга эскерткен. Мындай опуза активисттерди ынандырбай жатат. Алар өкмөт башчынын тапшырмасы адаттагыдай эле куру сөз бойдон каларын айтышууда.

XS
SM
MD
LG