Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Түркмөн президенти неберелери менен ыр жазды


Бердымухамедов отуздан ашуун китептин автору.
Бердымухамедов отуздан ашуун китептин автору.

Президент Бердымухамедов эки небереси менен чогуу "Жүрөгүмдө сен" аттуу ыр жазды. Жергиликтүү маалымат булактары тараткан кабарга ылайык, чыгарманын идеясы өлкө лидеринин жаш чагында эле жаралган.

Андан тышкары президент азырынча сөзү жазыла элек музыкалык чыгарманы иштеп бүтүп калды.

Гурбангулы Бердымухамедов буга чейин эле ырчылык талантын ачыкка чыгарган. 2011-жылы “Ак гүлдөрүм сага арналат” аттуу чыгарманы аткарган. Анын сөзүн да өзү жазганын айткан эле. Аталган ырды 2009-жылдан бери Довлет Аманлыков ырдап жүрөт.

Гурбангулы Бердымухамедовдун ди жейдин ролун аткарганы жазылган тасмалар да чыккан.

Түркмөн башчы ырларын ырааттуу түрдө жарыялап турат. Маселен, “Алга, алга, алга гана менин сүйүктүү мекеним — Түркмөнстан” ырына 2015-жылы обон чыгып, бир эле маалда 4000ден ашуун адам аткарган. Муну менен ал Гиннестин рекорд китебине илинген. Ыр азыркы тапта Түркмөнстандын урааны болуп саналат.

2007-жылдан бери тактыда отурган Гурбангулы Бердымухамедов отуздан ашуун китептин автору. Баарын президент болгондон кийин жазган.

XS
SM
MD
LG