Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Жогорку окуу жайларда гранттык орундар эки эсе көбөйдү


Кыргыз-түрк "Манас" университети.
Кыргыз-түрк "Манас" университети.

Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын гранттык орундарына абитуриенттерди кабыл алуу аяктады. Быйыл окууга тапшыргандар арасында бюджеттик негизде катталган жаңы студенттердин саны 4604тү түздү. Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, бул сан былтыркыга салыштырмалуу эки эсе көп.

Ал тапта физика-математика, өндүрүш жана педагогикалык багыттагы гранттык орундар толгон жок. Буга абитуриенттердин көбү математика жана физикадан тапшырган тесттердин аз упай алганы себеп болгон.

Кыргызстанда окуу жайларга кабыл алуу үч баскыч менен 11 июлдан 30-июлга чейин өттү.

XS
SM
MD
LG