Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Сирияга барууга камынган жигиттин туугандары да "жихадда" экени аныкталды


Сирия.
Сирия.

Ошто Сирияга кетүүгө камынган 20 жаштагы жигиттин туугандары да жихадчылардын катарында экени аныкталды. Шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 1-август күнү Ош аэропортунан кармалган жаран сурак учурунда анын бир тууган байкеси, эжеси жана тууганы Сирияда экенин айткан. Алар WhatsApp жана “Одноклассники” социалдык тармактары аркылуу кишилерди жихадга үндөп жүрүшкөнү аныкталды. Өзүнүн интернеттеги жеке баракчасынан да “Сириядагы ыйык жихадга” деп чакырган 47 аудио жана видео жазуулар табылды. Милиция ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берди.

Аэропортто шектүү катары кармалган 20 жаштагы жигит Баткендин Лейлек районунун тургуну. Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү аны алгач Санкт-Петербургга, андан ары Түркия аркылуу Сирияга барууга камынганын аныкташып, милицияга өткөрүп беришкен. (SE)

XS
SM
MD
LG