Сириянын түндүгүндө жайгашкан Саракеб шаарынын жанында 1-августта орусиялык тик учак атып түшүрүлгөн. Бүгүн Саракеб шаарына болжол менен газ түрүндөгү хлор салынган эки контейнер ыргытылды. Натыйжада 30 киши жабыркаган. Азырынча бул окуя үчүн эч ким жоопкерчилик алган жок.
"Биз мунун хлор экенин билебиз. Мурда да бизге мындай нерсе ыргытылган. Биз анын жытын жана уулануу белгилерин билебиз" - деди Саракеб шаарынын тургуну, доктор Абдель Азиз Бари.
Бул маалыматты Сириянын жарандык коргонуу түзүмүнүн маалымат кызматына таянып, Reuters маалымат агенттиги да ырастады. Бирок газдын түрү азырынча тактала элек.