Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:57

Эрдоган Батышты террорчулукту колдойт деп айыптады


Германиядагы түрктөрдүн жөө жүрүшү.
Германиядагы түрктөрдүн жөө жүрүшү.

Президент Эрдоган мындай пикирин 2-августта Түркияда өткөн ишкерлердин эл аралык жыйынында билдирди. Ал террорчулукка каршы күрөштө өнөктөш өлкөлөрдөн колдоо күткөнүн, бирок аны албаганын айтып, Германия өкмөтүнө катуу нааразы экенин жашырган жок:

-Батыш демократияны колдойбу же төңкөрүш, террорду кубаттайбы, деген суроо жаралат? Тилекке каршы, алар террорчуларга жардам берип жатат. Булардын жаны биздикиндей күйбөйт.

31-июлда Германиянын Кельн шаарында жөө жүрүш өтүп, ал жакта жашаган миңдеген түрктөр Түркиядагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетин айыптап, Эрдоганды колдоп чыгышкан. Көчө жыйында президент Эрдогандын түз видеокайрылуусу көрсөтүлгөн эмес. Жергиликтүү полиция уюштуруучуларга чоң экран орнотууга уруксат бербей, андан кийин сот аны акцияга катышкан адамдардын гана сөздөрүн чагылдыруу үчүн колдонууга макул болгон.

Түркиядагы соңку кырдаалга Батыш мамлекеттери тынчсыздануу билдирип жатышат. Расмий Анкарага өз каршылаштарын аеосуз жазалап жатат, деген сын айтылып келет. Эл аралык укук коргоо уюмдары, дүйнөлүк коомчулук түрк бийлигин адам укугун сактоого чакырышууда. (ElB/NT)

XS
SM
MD
LG