Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

Сеул Түндүк Корея баллистикалык ракета сынаганын билдирди


Түндүк Корея.
Түндүк Корея.

Түштүк Кореянын маалымдоо каражаттарынын ырасташынча, Пхеньян 2-августта Жапон деңизин көздөй баллистикалык ракета учурду. Анын Хванхэ-Намдо провинциясынан учурулганы белгилүү болду.

Түндүк Корея 19-июлда да үч жолу ракета сынап, кийинчерээк муну аскердик машыгууларга байланыштырган. Ага чейин Вашингтон менен Сеулдун Түштүк Кореяга ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу тууралуу келишимине каршы “катуу чара көрөрүн” эскерткен болчу. Сеул жана Вашингтон Түндүк Кореядан учурулган ракеталык коркунучтан улам абадан коргоочу THAAD системасын орноторун 8-июлда жарыялаган.

XS
SM
MD
LG