Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Сирияда уулуу зат чачылды деген маалымат иликтенүүдө


Орусиянын учагы атып түшүрүлгөн жер.
Орусиянын учагы атып түшүрүлгөн жер.

Саракеб шаарына уулуу газ куюлган контейнер ташталып, андан 33 жай тургун жабыркаганы кабарланууда. АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби анын чын-бышыгы иликтене баштаганын билдирди. Кирбинин айтуусунда, бул маалымат такталып калса, өтө чоң көйгөй жаратышы мүмкүн.

2-августта Идлиб провинциясында орусиялык Ми-8 тик учагы атып түшүрүлгөн шаарга болжол менен газ түрүндөгү хлор салынган контейнерлер ыргытылганын Сириянын жарандык коргонуу түзүмү маалымдаган. Аба жетпей тумчугуп жаткан адамдар тартылган видеотасма Youtube каналына жайгаштырылган.

Сириялык укук коргоочулар да контейнерлер ташталганын ырастап жатышат. Азырынча бул окуя үчүн эч ким жоопкерчилик алган жок. Оппозиция президент Башар Асаддын бийлигин айыптоодо.

XS
SM
MD
LG