Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Омск шаарындагы имараттардын бирине Манастын сүрөтү тартылды


Омск шаарындагы Манастын сүрөтү
Омск шаарындагы Манастын сүрөтү

Орусиянын Омск шаарындагы көп кабаттуу имараттардын бирине Манастын сүрөтү граффити түрүндө тартылды. Бул тууралуу “Стеннография” деп аталган көчө искусствосу фестивалынын сайтында кабарланды.

Сүрөтчүлөрдүн бири Костя Змогктун айтымында, чыгарма Чокан Валиханов атындагы көчөдөгү имаратка тартылган:

- Мен Чокан Валиханов ким экенине кызыктым. Көрсө ал кыргыздын ири эпосу саналган “Манас” дастанын которгон адам болуптур. “Манас” ЮНЕСКОнун мурастарынын катарында. Мындайча айтканда, Валиханов башка элдерге “Манас” эпосун ачып берген,- дейт Костя Змогк.

Сүрөтчү Манас темасы ага дем бергенин белгилейт. Дубалга тартылган сүрөттө ат минип бараткан баатырдын элеси түшүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG