Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

Орусиянын Ярославль шаарынын мэри узак мөөнөткө кесилди


Евгений Урлашов.
Евгений Урлашов.

Кызматынан бошотулган мэр Евгений Урлашовду Ярославль облусундагы Киров райондук соту 12,5 жылга эркинен ажыратып, 60 млн. рубль айыппул төлөөгө милдеттендирди. Ал ишкерден 17 млн. рубль пара талап кылган деп күнөөлөндү.

Мурунку мэрдин кеңешчиси Алексей Лопатин жети жылга эркинен ажыратылса, мэрдин орун басары Дмитрий Донсков акталды. Өкүм чыккандан кийин Евгений Урлашов бийлик партиясына сын көз карашы үчүн кесилгенин билдирди. Ал 2013-жылы камакка алынып, кызматынан четтетилген болчу. (AiT)

XS
SM
MD
LG