Ага чейин Ирактын коргоо министри Халид аль-Обейди парламент төрагасы Салим аль-Жубури жана бир катар мыйзамчыларды коррупция боюнча айыптаган эле. Ошол эле учурда анын өзүнө парламентте айып коюлуп жаткан. Сот системасынын өкүлү Абдел Саттар Байрактар судья Мухаммед аль-Жанаби Обейди атаган бардык адамдарга каршы арыз жолдогонун билдирди. Премьер-министр Хайдер аль-Абади бардык ишти антикоррупциялык органга жөнөтүп, коррупция боюнча аты аталгандарга өлкөдөн чыгууга тыюу салды. Иракта реформаларды жүргүзүү жана коррупцияга каршы күрөшүү талаптары менен нааразылык акциялары күч алууда. (AiT)