Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Түркия: Эрдоганды колдогон митингде жарылуу болду


Эрдоганды колдогон Германиядагы акция
Эрдоганды колдогон Германиядагы акция

Түркиянын Анталия шаарында Эрдоганды колдогон акция учурунда жардыруу болуп, кеминде эки адам жаракат алды. Бул тууралуу түркиялык маалымат каражаттары полицияга таянуу менен жазып чыгышты. 3-августтун кечинде президент Режеп Тайып Эрдогандын жактоочулары өткөн айдагы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетин айыптап, митингге чыгышкан. Полиция колго жасалган жардыргыч зат жарылганын айтууда. Окуя боюнча иликтөө башталды. Бийликти колдогон акциялар соңку кезде Түркиянын ар кайсы аймактарында жана түрктөр көп жашаган чет өлкөлөрдө уюштурулуп жатат. Мындай акция 7-августта Стамбулда өтүп, ага президенттин өзү да катышмакчы.

Түркияда 15-июлдун кечиндеги төңкөрүш аракетинен кийин 26 миңдей адам кармалды. Ички иштер министри Эфкан Ала алардын 14 миңге жакыны учурда камакта экенин билдирди. Ал эми жалпысынан куралдуу төңкөрүшкө тиешеси бар делип жумуштан айдалгандарды кошкондо куугунтукка кабылгандардын саны 60 миңден ашат. Арасында аскер кызматкерлери, судьялар, окуу жайлардын декандары, окутуучулар, журналисттер бар. Расмий Анкара төңкөрүш аракетине өзүнүн каршылашы, бозгундагы диниятчы, учурда АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүленди айыптоодо. Бирок ал муну негизсиз деп, төңкөрүштү каршылаштарын тазалоо максатында бийлик атайылап уюштурган болушу мүмкүндүгүн билдирип келет.

XS
SM
MD
LG