Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

"Себаттын" бүтүрүүчүсү химия боюнча эл аралык олимпиадада жеңүүчү болду


Грузияда окуучулар арасындагы 48-эл аралык олимпиадада кыргызстандык Доорон Маметов химия сабагы боюнча мыкты деген наамга татып, коло медаль алды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди.

Химия боюнча эл аралык олимпиада 1968-жылдан бери уюштурулуп келет. Быйыл сынакка эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин төрт окуучусу Доорон Маметов, Автандил Саиддин, Эржигит Абдыкерим уулу жана Азизбек Өзбеков барган. Эки турдун жыйынтыгы боюнча Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин окуучусу Доорон Маметов коло медаль жеңип алды. Ал лицейди быйыл аяктап, Түштүк Кореядагы жогорку окуу жайлардын бирине өткөн.

Химия боюнча эл аралык олимпиада 23-июлдан тартып 1-августка чейин Тбилисиде болду. Ага 80 мамлекеттен 320 окуучу катышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG