Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Дастан Сарыгулов бийликке кат менен кайрылды


Камактагы Дастан Сарыгулов бүгүн гезиттер аркылуу президент Алмазбек Атамбаевге ачык кат жолдоду. Анда өзүнүн саламаттыгы начарлап бараткандыктан, абактан бошотууну бийликтен өтүнгөн. Ошондой эле Хоменюктун Кумтөргө байланыштуу айткандарын төгүндөп, бул маселеде өзүнүн күнөөсүз экенин жазган. Анын санаалаштары да Сарыгуловду үй камагына чыгарууну суранышууда. Анарбек Усупбаев, Алтай Бөрүбаев, Аликбек Жекшенкулов баштаган 50дөн ашык адам кол койгон ачык кат президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Сот төрайымы Айнаш Токбаева, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевге жолдонду.

Дастан Сарыгулов "Кумтөр" алтын кенине байланыштуу мыйзам бузууларга шектелип июнда камакка алынган. УКМК "Центерра голд" компаниясынын мурдагы президенти Леонардо Хоменюктун Сарыгулов "Кыргызалтындын" башчысы болуп турганда коррупциялык иштерге барганы тууралуу көрсөтмөлөрү иликтенип жатканын кабарлаган.

69 жаштагы Дастан Сарыгулов 1992-1999-жылдары "Кыргызалтын" мамлекеттик концернин жетектеп, "Кумтөр" долбоорунун куратору болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG