Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Лондондо Курманжан Даткага арналган спектакль коюлат


Курманжан Датка.
Курманжан Датка.

Лондондогу The Space театры Курманжан Датка жөнүндө драматург Султан Раевдин “Канышанын көз жашы” аттуу спектакль даярдап жатат. Анын премьерасы 21-22-августта болору аталган театрдын сайтында жарыяланды. Спектакль Курманжан Датканын өмүр жолуна арналган. Ролдорду театрдын артисттери аткарышат. Курманжан Датканын ролун актриса Кейт Тревелян ойнойт.

Курманжан Датка (1811 - 1907) 19-кылымдын экинчи жарымындагы кыргыздардан чыккан мамлекеттик ишмер жана аскер башчы. Ал «Алай канышасы» жана «Улут энеси» деген аттар менен да белгилүү. "Датка" титулун Кокон хандыгынан алган. Орусия императордук армиясынын полковниги болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG