Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:38

Лондондогу кол салуудан бир аял каза тапты


Лондондун борборундагы кол салуудан бир аял каза тапты, дагы беш адам жараат алды. Окуя шаршембинин кечинде Рассел-Сквер аянтында болгону кабарланууда.

Полицияга белгисиз бир адам көчөдөгүлөргө бычак менен кол салып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Кылмышка шектүү деп 19 жаштагы эркек жаран кармалды.

Күч кызматкерлери бул теракт болушу мүмкүн деген версияны четке каккан жок, бирок кармалган адам психикалык жактан жабыркаган болушу ыктымал экени да айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG