Бразилиянын борбору Рио-де-Жанейродоги Олимп шаарчасында 4-августтун кечинде Кыргызстандын мамлекеттик желегин көтөрүү аземи өттү. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.
Олимп оюндарына кыргызстандык 19 спортчу катышат.
Алар: Арсен Эралиев, Жанарбек Кенжеев, Руслан Царев, Мурат Рамнов,(грек-рим күрөшү), Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Айаал Лазарев (эркин күрөш), Дарья Таланова, Денис Петрашов (сууда сүзүү), Эркин Адылбек уулу (бокс), Юлия Андреева, Виктория Полюдина, Дарьа Маслова, Мария Карабицкая, Илья Тяпкин (жеңил атлетика), Жаныл Окоева, Иззат Артыков (оор атлетика), Юрий Краковецкий жана Отар Бестаев (дзюдо).
Кыргыз өкмөтү 1-орун алган спортчуга 7 миллион, 2-орунга 5 миллион, коло медалга 3,5 миллион сом берилерин билдирген. Бишкек мэриясы байгелүү орундарды ээлегендерге батир берүүнү убада кылган. (NT)