Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Рио-де-Жанейродо орусиялык дипломат тоноочуну өлтүргөнү кабарланууда


Бразилиядагы Рио-де-Жанейро шаарынын полициясы орусиялык дипломат өзүн тоноого аракет кылган адамды атып өлтүрдү деп маалымат таратты. Ал эми Орусиянын өлкөдөгү элчилиги өз кызматкери чатакка аралашканын төгүндөөдө.

Окуя Олимп паркынын жанында болгон.

Полиция теги бразилиялык Орусиянын вице-консулу аны тоноо үчүн тапанча такаганда, тапанчасын кайрып алып, өзүн атып салган деп кабарлоодо. Орусия бүт дипломаттарынын ысымдары орусча экенин айтып, коргонгон адам жөн гана өзүн дипломат катары тааныштырышы мүмкүндүгүн айтууда.

Бүгүн дүйнөлүк Олимп оюндары башталчу Рио-де-Жанейро шаары дүйнөдөгү криминалдашкан шаарлардын бири катары эсептелет. Ошол эле учурда Олимп оюндары учурунда коопсуздук ашкере күчөтүлүп, бул ишке 85 миң полиция жана аскерлер тартылган.

XS
SM
MD
LG