XXXI жайкы Олимп оюндарынын расмий ачылыш аземи Маракана стадионунда 5-августта кечки 8де башталат. Бишкек убактысы боюнча бул 6-август таңкы саат 5ке туура келет.
Ага 206 өлкө жана качкындар командасы, жалпысынан 10500 атлет катышат. Спорттун 28 түрү боюнча 300 ашуун медалдар комплекти ойнотулат.
Өлкөдө саясий-экономикалык кризистен улам чыккан катар-катар нааразылык акциялары, Зика вирусу, дүйнөдө жанданган терактылардан улам келген коноктор аз болот деп күтүлгөн.
Уюштуруучулар 1 миллиондон ашуун билет сатыла электигин айтышууда. Ошол эле учурда оюндар учурунда өлкөгө жарым миллион турист келет деп күтүшүүдө.
Олимп оюндары 21-августта жыйынтыкталат.