Казакстанда сот тыюу салынган “Алга” оппозициялык партиясынын мурдагы лидери Владимир Козловду мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу чечимин кабыл алды. Ал социалдык жаңжалды козуткан деген айып менен түрмөгө отурган.
Козловдун боштондукка чыкканын “Фейсбукта” укук коргоочулар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, өкүм дагы 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу өтүнүчүн Козлов 16-июнда берген.
Владимир Козлов 2012-жылы октябрда жети жарым жылга эркинен ажыратылган. Мал-мүлкү мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.
Партия лидери 2011-жылдын 16-17-декабрындагы Жаңы-Өзөн окуяларында социалдык жаңжалды козуткан деп айтыпталган. Анда иш таштаган мунайчыларга жана шаар тургундарына каршы полиция ок чыгарып, натыйжада 16 адам өлүп, 100дөн ашууну жаракат алган. Владимир Козлов жана анын тарапташтары бул айыптоолор саясий кызыкчылыктан улам тагылганын айтып келишет.