Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Түркмөнстан Казакстан менен чек арасын беш күнгө жапты


Түркмөнстан.
Түркмөнстан.

Түркмөнстан коопсуздук чараларын күчөткөнүнө байланыштуу Казакстан менен чек арасын 8-августка чейин жапты. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги кабарлоодо.

Демейде чек ара түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Казакстанга жакын Балкан вилаятына келгенде жабылат.

Ушу тапта эмгек өргүүсүндөгү Бердымухамедов вилаяттын аймагына кирген Каспий боюндагы улуттук “Аваза” туристтик аймагына барышы ыктымал.

Казакстандын Мангыстау облусунун тургундары Түркмөнстанга жеңилдетилген тартипте кирип-чыгышат. Келишимге ылайык, алар Балкан вилаятында визасыз беш суткага чейин жүрө алышат.

XS
SM
MD
LG