Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Индия: базардагы ок атуулардан ондон ашуун адам өлдү


5-августта Индиянын Кокражхар шаарында куралдуу кол салуудан ондон ашуун адам курман болду.

Reuters агенттигинин кабарлашынча, күбөлөр бир нече куралчан адамдар базардагы элге башаламан ок чыгарганын айтышкан.

Кол салгандардын бирин полиция тынчытты. Калганы качып кетишкен. Индия бийлиги чабуулду "Улуттук-демократиялык Бодоленд фронту" аттуу топ уюштурду деп болжолдоодо.

Анын мүчөлөрү бодо эли жашаган аймакка азаттык берүүнү талап кылып келишет. Бодолор Ассам штатынын калкынын ондон бирин түзөт. Кол салуу Индиянын көз карандысыздык күнүнө аз калганда болууда.

Ассам штатында буга чейин да адам өмүрлөрүн алган чабуулдар болуп келген. Эки жыл мурда чай плантациясында 70 адам атып өлтүрүлгөн. 2012-жылы аймактагы бодо жана мусулман элдеринин кагылышынан улам 40 миңден ашуун өмүр кыйылган.

XS
SM
MD
LG