Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Рио-де-Жанейродо Олимпиада оюндары башталды


Олимп оюндарынын ачылуу аземи. 6-август, 2016
Олимп оюндарынын ачылуу аземи. 6-август, 2016

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында дүйнөдөгү эң ири спорттук мелдеш - Олимп оюндарынын ачылыш аземи башталды.

Ачылуу аземи Бразилиянын салтына жараша ар кандай карнавалдык жүрүштөр менен коштолду.

Олимпиада комитети Риодо өтүп жаткан Олимп оюндарына канча каражат сарпталгандыгы тууралуу маалымат тараткан жок. Ошентсе да айрым булактар бул жолку Оюндардын бюджети 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиаданын бюджетинин тең жарымын түзгөнүн айтышууда. Лондондо мындан төрт жыл мурун өткөн Олимпиадага 42 миллион АКШ доллары сарпталган.

Стадиондун сыртында коопсуздук чаралары катуу сакталууда. Ал жакта жүздөгөн адамдар нааразылыгын билдиришип чыгышкан. Полиция аларга каршы үн чыгаруучу гранаталарды колдонгон.

XS
SM
MD
LG