АКШда бозгунда жүргөн түркиялык диний аалым Фетхуллах Гүлендин адвокаттары анын өмүрү коркунучта экенин билдиришти. 5-август күнү Вашингтондо маалымат жыйын курушкан юристтер Гүлен Пенсильванияда жашап жатканын белгилешип, АКШ бийлиги “далилдүү фактылар” жоктугуна байланыштуу аны Анкарага бербей турганын айтышты.
Түркияда таасирлүү киши саналган Гүленди камоого Стамбул соту ордер берген. Сот "15-июлда төңкөрүш кылууга Гүлен буйрук берген" деген чечим чыгарды.
Анкара Гүленди кайтарып берүүнү Вашингтондон талап кылууда. Бейшембиде Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган оппозиционер менен байланышы бар бардык жеке компанияларды кирешесинен ажырата турганын жарыялаган.