Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Токтогулда митингге чыккандар тарады


Токтогулдагы митинг, 6-август, 2016-жыл
Токтогулдагы митинг, 6-август, 2016-жыл

Токтогул райондук акимчилигинин алдында Кенжебек Жумабаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен митингге чыккандар тарап кетишти. Акцияга чогулган отузга чукул адам ага коюлган айыптоолорду негизсиз деп, бошотулуусун талап кылышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” митингге чыккандардын бири Эрмек Бактияр уулу билдирип, бирок алар менен бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыгып жолукпаганын айтты.

Жумабаевдин жакындары митинг өткөрүүгө аянт берүүнү жана коопсуздукту камсыздоого милиция кызматкерлерин бөлүүнү суранып, буга чейин акимчликке кат жолдошконун, бирок ага жооп болбогонун белгилешүүдө.

Райондук бийликтен бул жаатта комментарий алууга мүмкүн болбоду.

Kyrgyztimes сайтынын кабарчысы Кенжебек Жумабаевди 30-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы камакка алган. Ал 2013-жылы Саруу окуясында ошол кездеги өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга катышкан деп шектелүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG