Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:39

Ош шаарындагы өрттөн сегиз үйдүн чатыры зыян тартты


Ош шаарынын Навои көчөсүндө 6-августтун кечинде чыккан өрттөн сегиз турак үйдүн чатырынын 900 чарчы метри күйүп кетти. Саат 20:30дарда чыккан жалын түнкү саат он бирден өткөндө толук өчүрулдү. Киши өмүрүнө зыян келген жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоо менен күрөшүүгө шаардык өрткө каршы бөлүмдүн сегиз тобу тартылды.

Аталган көчөдө турак жайлар бири-бирине жакын жайгашкандыктан, бир үйдөн чыккан өрт кийинкисине өткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG