Синоптиктер 7-8-август күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел коркунучу бар экенин эскертет.
8-августта Ысык-Көл жана Чүй облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абаны табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31,
Талас жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +24...+29,
Баткен облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +29...+34,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14..+19, күндүз +29...+34,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +19...+24,
Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +23...+28,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз +5...+10 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түндө +16…+18, күндүз+ 29…+31 градус болот.