Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Эрдоган парламент колдосо өлүм жазасы киргизилерин кайталады


Стамбулдагы митингге он миңдеген адамдар чыкты
Стамбулдагы митингге он миңдеген адамдар чыкты

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган 7-августта Стамбулдагы митингде сүйлөп жатып, эгер парламент колдосо өлүм жазасын кайрадан калыбына келтирерин билдирди.

Мурдараак Түркия-Евробиримдик түзмөк болгон качкындар боюнча келишимдин тагдыры учурда арабөк. Келишим ишке ашса, Жакынкы Чыгыштан Европага агылган качкындарды Түркия өз аймагында кармамак. Бул үчүн Түркияга 3 млрд евро, түркиялыктарга Шенген аймагына визасыз кирүү жана башка шарттар убада кылынган.

Бирок, июлдагы төңкөрүш аракетинен кийинки Эрдогандын өлүм жазасын киргизүү ойлорун Европа лидерлери катуу сындап, мындай болсо келишим ишке ашпасын айтышкан.

7-августтагы Стамбулда миңдеген адамдар катышкан митингдин алдында Эрдоганды колдоп Түркиянын башка бир нече шаарларында жүрүштөр болгон.

15-июлдагы аскердик төңкөрүш аракети учурунда Түркияда 270тен ашуун адам өлгөн. Андан кийинки жазалоолор учурунда 18 миңдей адам кармалып, он миңдеген мамлекеттик кызматкерлер жумуштарынан айдалган. Күч түзүмдөрүндө тазалоолор дале жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG