Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзам талкууланат


Быйыл “Террорчулукту каржылоого жана кылмыштуу жолдор менен табылган кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы күрөш жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынганына 10 жыл болду. Буга карата бүгүн Бишкекте аталган документ боюнча талкуу уюштурулат. Террорчулук жана кылмыштуулукка бөгөт коюу чаралары жазылган мыйзам 2006-жылдын 31-июлунда күчүнө кирген.

Өткөн аптада швейцариялык Базель башкаруу институтунун “Basel AML Index 2016” деп аталган соңку изилдөөсүндө Кыргызстан Европа жана Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен террорчулукту каржылоо тобокелчилиги жогору 14 мамлекеттин катарына кирип, 5-орунду ээлеген. Ал эми дүйнөлүк тизмеде 60-орунга чыккан.

Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча, ушул тапта Сирияда согушуп жүргөн кыргызстандыктардын саны 600дөн ашты. Алардын 70тен ашууну каза тапты. Сирия жана Ирактагы террордук топторго кошулган кыргызстандыктардын жүздөн ашууну аялдар. (NT)

XS
SM
MD
LG