Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Кабулда америкалык жана австралиялык жарандар уурдалды


Ооган бийлик өкүлдөрүнүн 8-августтагы билдирүүсүнө ылайык, эки жарандын автоунаасын 7-августта кечинде Ооганстандагы Америка университетине жакын жердеги жолдо аскер кийимчен куралдуу адамдар токтотуп, өздөрүн кармап кетишкен. Уурдалгандар университеттин кызматкерлери деп аталууда.

АКШ жана Австралия бийликтери окуядан кабардар экенин жана издөө чаралары көрүлө баштаганын маалымдашты.

Эки жума мурун Индиянын кайрымдуулук фондунун кызматкери барымтадан бошотулган эле. Ал да Кабулда уурдалган болчу.

Өткөн жылы Ооганстанда уурдалган үч жаран бошотулган. Бирок апрель айында Жалалабад шаарында уурдалган австралиялык Керри Жейн Вильсондун кайда экендиги белгисиз. (AiT)

XS
SM
MD
LG