Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Алепподо айыгышкан уруш уланууда


Сирия.
Сирия.

Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, Сириянын аба күчтөрү Алепподо куралдуу оппозициянын турган жерлерине сокку урууда. Өз кезегинде оппозициялык күчтөр Алепподо өкмөттүк күчтөрдүн курчоосун жарып чыгышканын кабарлашууда. Жыйырмадан ашык куралдуу топтор биригип, 6-августа бери түштүк тараптагы Рамушех районуна чыгып, жүктөрдүн келишине жол ачууну көздөөдө.

Сириянын маалымат каражаттары жоочулардын аракетинен майнап чыкпаганын кабарлады. Сирия аскерлерине Орусиянын аба күчтөрү жардам көрсөтүүдө. Сириянын экинчи шаары болгон Алеппо үчүн күрөш беш жылдан бери жүрүп жаткан согушта чечүүчү мүнөзгө ээ болууда.(AiT)

XS
SM
MD
LG