Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

АӨБ инвестициялык абалды жакшыртууга 25 млн доллар берет


Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) директорлор кеңеши Кыргызстандагы инвестициялык абалды жакшыртуу боюнча программаны карап чыгып, 25 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Программа төрт багыттан турат: чыгымдарды азайтуу, жаңы өндүрүш товарларын көбөйтүп, тармактын деңгээлин жогорулатуу, каржылык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана мамлекет менен жеке тараптардын өнөктөштүгүн арттыруу.

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономика тармагына буга чейин да каржылык колдоо көрсөтүп келген.

XS
SM
MD
LG