«Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык уюму Сириянын түндүгүндөгү Идлиб провинциясында балдар ооруканасына 6-августта абадан чабуул жасалганын билдирди. Маалыматка караганда, андан 13 киши курман болгон. Төрт жолу урулган соккунун экөө госпиталдын өзүнө тийген. Бейтапканынын алты кызматкери жаракат алган. Азырынча соккуну кимдер жасаганы белгисиз.
Өткөн айда БУУ Сириядагы саламаттыкты сактоо объектилерине соңку убакта 44 жолу кол салуу болгонун жарыялаган. Былтыр сентябрдан бери Сирия өкмөтүнө жардам иретинде аскердик операцияларды жүргүзүп келаткан Орусия ооруканалар бутага алынып жатат, деген айыптарды четке кагууда. Октябрда «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун Ирактын түндүгүндөгү госпиталын америкалык аскер-аба күчтөрү жаңылышып бомбалаган. Анда 42 киши курман болгон. Кийинчерээк АКШ ал алешемдиги үчүн кечирим сураган эле.