Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Орусия менен ГЭСтерди куруу келишимин денонсациялоонун мөөнөтү аяктады


Жогорку Нарын ГЭСтеринин курулушчулар шаарчасы.
Жогорку Нарын ГЭСтеринин курулушчулар шаарчасы.

8-августта Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча Орусия менен келишимди денонсациялоонун мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты. Аталган министрлик денонсациялоо келишими күчүнө кирери менен жаңы инвестчилерди тартуу боюнча иштер башталарын билдирип келет.

Кыргызстан 2012-жылы Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Жогору Нарын ГЭСтер каскадын Орусия менен куруу боюнча келишим түзгөн. Бирок Москва келишимди аткарууну ар кандай себептер менен создуктургандыктан быйыл жыл башында кыргыз өкмөтү Орусия менен келишимди денонсациялоо чечимин кабыл алган.

Буга кошумча Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга даярдык иштерин жүргүзүүдө аткарылган жумуштарды ашкере кымбат кылып көрсөтүлгөнү боюнча чыр чыккан. Муну депутаттык комиссия иликтеп, “РусГидро” ишканасы тарабынан коррупциялык ишке жол берилген деген корутундуга келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG