Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

Трамп: Клинтон ирандык окумуштуунун өлүмүнө жооптуу


Доналд Трамп
Доналд Трамп

АКШ президенттигине республикачылардан талапкер Доналд Трамп атаандашы, Демократтар партиясынын өкүлү Хилларри Клинтонду ирандык окумуштуунун өлүмүнө жооптуу деп айыптады. Трамптын тарапкери, сенатор Том Коттон Клинтон 2010-жылы Мамлекеттик катчы болуп турган кезинде ал адам тууралуу электрондук почта аркылуу кат алышканына далил бар экенин жазып чыккан.

Атом энергиясын изилдеген ирандык окумуштуу, физик Шахрам Амири өткөн аптада өз өлкөсүндө дарга асылган. Бийлик аны АКШнын пайдасына тыңчылык кылган, купуя маалыматты берип турган деп айыптады. Бирок окумуштуу өзү жана анын жакындары бул айып негизсиз экенин айтып келишкен.

Клинтон Мамлекеттик катчы кезинде жеке почтасы аркылуу жөнөтүп, алып турган айрым каттар өткөн жылы хакерлердин чабуулунан кийин ачыкка чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG