Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Баткен: жаранга кол көтөргөн милиционер жумуштан четтетилди


Мындай малыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, 30-июнда Кадамжай районунун 35 жаштагы тургуну оор абалда ооруканага түшкөн. Ал аймактык тескөөчү сабаганын айтып чыккан. Окуя учурунда жабыркаган адамдын мас абалында болгону да аныкталган.

Мындан көп өтпөй жабыркаган Нургазы Сарытаевдин жакындары райондук ички иштер бөлүмүнө жана облустук акимчиликке кылмыш иши кечеңдеп жатканын айтып, нааразылыгын билдирип чыгышкан.

Баткен облустук прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүп, анын негизинде кылмышка шектүү деген аймактык тескөөчү жана эки кызматкер жумушунан четтетилди.(JsA)

XS
SM
MD
LG