Бүгүн Кочкор районунда 30-40 жылдан бери өздүк документтери жок жүргөн он беш киши жаңы паспорт алышты. Бул иш Бириккен улуттар уюмунун Кыргыз Республикасында жарандыгы жок адамдардын санын азайтуу жана болтурбоо чарасын көрүү долбоорунун алкагында ишке ашырылган. Бул долбоор Нарын облусунда бир жарым ай иштеп, паспортсуз 187 кишини аныктаган.
Анын ичинен бүгүнкү күндө 95инин өздүгү аныкталып паспорттор тапшырылды.
Бириккен Улуттар уюмунун качкындар жана жарандыгы жоктордун санын кыскартуу башкармалыгы Кыргызстанда жүргүзүп жаткан долбоордун негизинде 11,069 кишинин жарандыгы жоктугу аныкталган. Мамлекеттик каттоо кызматы менен чогуу жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде 2014 - 2015-жылдарда 7700 кишиге жарандык берилген. (MiK)